Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 25.09.2019 14:25

Темир жолдогу шлагбаумду «штакетник», жасалма дөңчөнү кум деген айдоочулар… Нурландын кызыктары

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 29 жаштагы тургуну Самудин уулу Нурлан мындан 9 жыл мурун журналистика тармагына аралашкан. Өзүнүн кесиби программист.

Анын айтымында, кичинекей кезинен эле телевидениени самачу.

«Мектепти аяктаган соң, Талас мамлекеттик университетинин информатика бөлүмүнө тапшыргам. Өзүм кичинемден телевидениеде иштегим келчү. Мындан 9 жыл мурун Таластагы радиолордун биринде ди-джей болуп иштедим. Андан кийин жеке каналга оператор болуп кирдим. Бирок азыркы тапта оператор-монтажер эмес, журналист жана алып баруучу болуп иштеп жатам. Биздин жумуштан көп нерсени көрөсүң. Бардык тармактан маалыматың болуп, элдин адамы болосуң. Кандай кырдаал, кандай аба ырайы болбосун ишке чыгышың керек.

Бир жолу кесиптешим экөөбүздү Кызыл-Адыр деген айылга съемкага барасыңар деп калды. Ноябрь айынын башы болчу. Мен адаттагыдай эле кийинип алгам. Түнкү саат үчтө чыктык. Таңга маал саат алтыда Кара-Буура районунун Көк-Сай айылына жетип бардык. Мен семинарга келдик деп ойлогом. Көрсө тоого фотокапкан коет экенбиз. Күн суук. Аттар менен түшкү саат 12 дегенде 3600 метр бийиктикке чыктык. Аларды орнотуп келе жатканда жамгыр жаап, анын артынан кар жаады. Жер муз болду. Адам эмес, аттар баса албай калды. Камераларды колго көтөрүп, жөө басууга туура келди. Ар кайсыл жерден жыгылып, кечки саат 7де үйгө келдик. Кийимдердин баары суу. Ошондо үч күн ооруп жаттым. Ошол күндөн баштап эмнегедир кыш мезгилиндеги съемкаларды жаман көрүп калдым», - деди ал.

Самудин уулу Нурлан 3 уулдун атасы.

«Жаңы жумушка киргенде съемкага кесиптешим менен чыктым. Андан кийин өзүм тартып баштадым. Алгач тарткан кадрларым өзүмө абдан жагып, аябай сүйүнүп жүрдүм. Кийин ошол кадрларды көрүп күлкүм келди. Тажрыйба топтогон сайын мурункуларыңан кемчилик таап калат экенсиң да.

Биз айдоочулардын сабаттуулугун көтөрүү үчүн “Теле тест” деген рубрика жасап жүрөбүз. Бир жолу бир айдоочуга жол эрежелери тууралуу суроо бердик. Ал калп менен чынды аралаштырып, окшоштуруп жооп берип жатканда тыя албай турган күлкүм чыгып кетти. Ошол программа аябай талкуу жараткан. Кээ бир айдоочулар темир жолдогу шлагбаумдун сүрөтүн, "штакетник" деп айтышат. Жасалма дөңчө деген бар да, аны шагыл кум төгүлгөн жер деп, кайра өздөрү каткырган айдоочулар болгон. Ал эфирге чыккандан кийин жаман көргөндөрү болот же тескерисинче иним үйгө барып эрежелерди кайталадым деп айтканы болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×