Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 30.09.2019 11:01

Айыл турмушу: Бакай-аталык А.Нуралиев чоң атасынан калган алма бакта багбанчылык кылууда (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Үрмарал айылынын 24 жаштагы тургуну Азисбек Нуралиев алманын түрлөрүн өстүрүп киреше табууда. Аймактагы кабарчы багбандан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, алма бак чоң атасынан калган.

«Бул жер чоң атамдан калган. Чоң атам дыйкан адам болгон. Азыр мен карап жаткан жерге алма көчөттөрдү отургузуп, чоң бак өстүргөн. Чоң атамдын көзү өткөндөн кийин бул жерди карап, багбанчылык кылууну мен мойнума алгам. Азыркы учурда бул жерде алманын 6 сорту (100 түпкө жакын) бар.

Күзүндө көп түшүм алам деген багбан эрте жаздан аракет көрүшү керек болот. Алманын тамырына кам көрүп, жаз алды менен түбүн жумшартып, азык болуучу табигый витаминдерди бере баштайбыз. Күнүгө аралап көрүп, ар бир алманын абалы менен таанышып чыгам. Анткени жалбырак ачкан убакта курт басып кете турган болсо ал оору бири-бирине бат эле жугат. Андай учурда алма алсыз болуп, мөмөсү майда болуп калышы мүмкүн. Быйыл алманын баасы жылдагыдан жакшы болуп жатат. Буйруса киреше жылдагыдан көп болот деп ишенип жатабыз. Жылына 6-7 тонна алма алчубуз. Анын ичинен туугандарга берип, кышкы ширелерди жапкандан кийин 70-80 миң сом киреше тапчумун.

Буга чейин башка жактан алманы жакшы бутап, кыйыштырган акелерди алып келип кыйыштырып жүрчүмүн. Акыркы убакта өзүм үйрөнүп алып кыйыштырып жатам. Мурдагы жылы кыйыштырган алмаларым быйыл жакшы түшүм берип жатат. Азыр алмаларды терүү алдында турабыз. Бир жума ичинде толук чогултуп алам. Мен жалгыз болуп, айла жоктугунан жумушчуларды чакырууга туура келет. Болбосо алманы этияттап өзүң тергениң жакшы», - дейт Азисбек мырза.

Азисбек багбан 5 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×