Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 30.09.2019 22:50

Айыл турмушу: Бакай-аталык Айжан апа 46 жылын балдарга билим берүүгө арнаган (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын 70 жаштагы тургуну Шаршенова Айжан апа 46 жылын балдарга билим берүүгө арнаган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Чүйдүн Сокулук районунун кызы. Кесиби боюнча немис тилчи мугалим.

«Зууракан Кайназарованын айылында чоңойгом. Ал жакын эжем болгон. Анын иштермандыгы бизге үлгү болчу. 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинен немис тилчи адистигине ээ болгом. Жолдошум Сонунбек дагы ошол факультеттин француз тили бөлүмүн аяктаган. 3 келиним дагы мугалим. Бирок жолдошум кайтыш болуп кетип, 7 бала менен калдым. Кудайга шүгүр, алар азыр очор-бачар, үй-бүлөлүү.

Студент кезде чарба иштери менен башка облустарга чейин барып иштечүбүз. Ошондо жолдошум менин иштеген ишиме көз салып жүрчү экен. «Өзүм жалгыз бала болсом ушул иштерман кызды алайын. Мага чоң тирек болот дегем» деп балдарга күлүп айтып калчу. Экөөбүз мектепте 1973-жылдан баштап иштедик. Бизди Кара-Бууранын Чолпонбай айылындагы орто мектепке бөлгөн. Ал жакта алгачкы эмгек жолубуз башталып, 15 жылдан ашык агартуу тармагынын беделин көтөрдүк. Калган жылдарыбыз Бакай-Атадагы Чалдыбар мектеп-интернатына арналды.

2002-жылы пенсияга чыккам. Өмүрүмдү мектеп окуучуларына арнадым десем болот. Өзүбүздүн балдарыбыз: "Силерге мектептеги элдин балдары болсо болду, биз менен ишиңер жок" деп айтып калышчу (күлүп). Чындыгында мектеп, окуучулар деп, аларды өз балдарыбыздын бийик коюп иштечүбүз. Кийин интернатта иштеп жүргөндө жоокердей болуп таңкы саат алтыдан өткөндө, балдар уктап жатканда жумушка чыгып кетчүбүз. Жумуштан окуучуларды уктатып, түнкү саат ондон кийин келсек биздин балдар уктап калган болчу. Ошентип кайын энеме таянып иштеп жүрдүк. Убагында миңдеген окуучуларды окутуп, эми неберелеримди тарбиялап жатам. Көптөгөн сыйлыктар менен катар 1987-жылы «Билим берүүнүн отличниги» наамына ээ болдум.

Интернатта ата-энесинен балдар бар болчу. Сабак берүү менен тарбиячы дагы болуп жүрдүм. 1984-жылы бүтүргөн классымда бир жетим бала бар болчу. Ал баланы кучактап жатып, жомок айтып берип, ал уктап калганда акырын үйгө кетчүмүн. 1-классынан баштап мени апасындай көрүп, этегимди кармап чоңоюп, 11-классты бүтүп кетти. Эртең менен таң атпай баягы бала мени эшикте күтүп турчу. Мен шашылып келчүмүн. Жүрөгүм балдарга жакын. Кебетеси мага окшош болчу. Кээде эс алуу күндөрү мектеп администрациясынан сурап үйгө алып келчүмүн. Көргөндөр «кимдин баласы?» деп сурашат. Анда жолдошум: "Бул Айжандын биринчи күйөөсүнөн ээрчитип келген баласы" деп койчу. Аны уккан киши таң калып карап же кызыгып сурап калышчу. Алар кеткенден кийин жолдошум: "Логикасын текшерейин десем катуу ойлонуп кетти го. Экөөбүздүн балдар бул баладан чоң болуп турса анан кантип биринчи жолдошунан болсун деген эч ким жок" деп күлүп калчу. Ата-энеден ажыраган балдар болбосо экен дейм.

Жакшы бир балам бир жылы окуу жылы башталгандан эле кечигип келчү болду. Ал жакшы окуганы, өзүн үлгүлүү алып жүргөнү, сабакты калтырбаганы менен классты алдыга сүйрөп турчу. Урушканга жол бербеген жакшы бала болгондуктан кечигип келсе дагы кечирип койчумун. Бир жолу анын кечиккенин мектептин жетекчилиги билип калып, чогулушта ал бала жөнүндө айтылды. Ошондо аны менен сүйлөштүм. Алар удаа 2 бир тууган болчу. Ошол жылы бир форманы бир тууганы экөө кезектешип кийишкенин, бири мектептен барганда аны экинчиси кийип келип жатканын айтканда жүрөгүм ооруган. Апасы менен сүйлөшүп, ал ишти чечкенбиз.

Жолдошум педагогикалык тажрыйбасын жашоосуна колдонуп, тегерегиндегилерге үйрөтө берчү. Өзү Чолпонбай мектебине француз тилин ачып, сабак берди. Өчпөс кесипти аркалап, канчалаган баланын жүрөгүндө айтылып калдык. Ошого шүгүр дейбиз», - деди ал.

Айжан апа 4 кыз, 3 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×