Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 30.09.2019 18:01

Айыл турмушу: Бакай-аталык А.Байзакова 3 жылдан бери айылда пардаларды тигип ишкерлик кылып жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 33 жаштагы тургуну Айнур Байзакова 3 жылдан бери заманбап пардаларды тигип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо айылында төрөлгөн.

«Тигүүчүлүк кесибим менен 10 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатам. Кичинекей кезимден эле кол өнөрчүлүккө кызыгам. Акыркы 3 жылдан бери жолдошум менен айылга (кайын журту) келип, заманбап пардаларды тигип киреше табам. Күзүндө буйрутма көп келет. Кардар каталогдон көрүп, үйүндөгү эмеректерине же дубалындагы кагаздын түсүнө жараша өң тандашат. Эгер бөлмө күңүрт болсо, анда ачык өңдөгү парда жана ага шайкеш келген текстратура сунушталат. Ал көрктүү болуп турса бөлмөгө киргенде эле элдин көзүнө урунат эмеспи. Терезелеринин түзүлүшүнө жараша кездеменин метрин 80 сомдон тигип берем. Элдер ашканын терезесинен бери кооздоп, пардаларды жасатышат. Бүгүнкү күндө парданын шакекче түрүнө басым көп.

Кардарларым көп. Алар бөлмөлөрүн кооздоого умтулушат. Кызыгып иштегендиктен кыйынчылыгын сезбейм. 1 бөлмөнүн пардасын толугу менен 2 саатта тигип коём. Парданы өз алдымча кездемесин алып келип даярдап саткан күндөрүм болгон. Бирок азыр даярдабай калдым. Себеби мага жаккан өң же фасон кардарга жакпай калышы мүмкүн экен. Кээ бирлер эски пардасын оңдотуп, жаңылатып кетишет», - деди чебер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×