Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 01.10.2019 08:18

«Жакшы күйөө калбай калбасын деп тийип алгам»: 37 жаштагы Айнура айымдын кыздарынын алды студент болуп калды (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынын 37 жаштагы тургуну Айнура Бекбаева 35 жашында «Баатыр эне» наамын алган айым. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала кезинде эле көп балалуу болом деп кыялданчу.

«17 жашымда турмуш курдум. Жолдошум Сүймөнкул менен 1999-жылы баш кошконбуз. Экөөбүз тең бир айылдан болобуз. Аны башында айылдаш аке катарында таанычумун. Кийин окуусун бүтүп келип, мектепте иштеп калды. Ал кезде мен 9-класс болчумун. Кийин сүйлөшүп, жакындан тааныш болуп, мен орто мектепти аяктаганда баш коштук. Жолдошумдун классташ балдары «окуучуңду алып алгансың» деп тамашалап калышат. Ал кезде жаш элем. Бирок мектепте жакшы окугандыктан жогорку окуу жайларда билим алууга максатым чоң болчу. Биз сүйлөшүп жүргөндө жолдошум мени окутуп алам дечү. Кийин удаа 2 кыз төрөлдү, баягы окуум унутулуп калгандай (күлүп). Аны жолдошума эстетсем сөзүнө туруп, мени окутту. Балдарымды үйгө таштап коюп билим алып, кыргыз тили жана адабият сабагынан мугалим болуп, жолдошум менен чогуу иштеп калдым.

Жолдошум сүрөт, чиймеден сабак берет. С.Чокморов атындагы окуу жайын бүтүргөн. Эмгектери арбын. Азыр устачылык менен дагы эмгек кылып, балдарды багууга кошумча каражат табат. Жолдошум менин портретимди мен таарынганда гана тарткан. Карасам менин сүрөтүм жок экен. Мен «Сүрөтчү десе эле менин сүрөтүмдү тынбай тартат экен деп, ошого кызыгып тийип алыптырмын. Сен тарткан бир дагы сүрөтүм жок» деп таарынгам. Ошондон баштап сүрөтүмдү тартып калган (күлүп).

Жаштын тилеги аткарылат дегенге ишенип калгам. Себеби көп балалуу болом деп көп айтчумун. Классташтарым жолукканда «балдардын көп болгонун каалачу элең го, баарына жетишип жатасыңбы?» деп калышат (күлүп). Уулдуу болобуз деп жүрүп, кудай жаш баатыр энелердин катарына кошту. Кудайга шүгүр, балдарыбыздын алды чоңоюп, студент болуп, кийинкилерине жардам берип калды. Жаш болуп балдардын алгачкыларын багууда жакшы эле кыйналдым. Ошол кезде жолдошум мугалим болуп иштеп, анын айлыгына жашачубуз.

Эрте турмуш куруунун дагы эки тарабы болот экен. Кыздарым «апа, эмнеге күйөөгө эрте тийдиңиз эле?» деп сурай беришет. Мен «атаңдай жакшы күйөө калбай калбасын деп тийип алгам» деп күлүп калам. Бирок кыздарыма эрте турмуш куруунун кемчиликтерин да айтам. Үчүнчү, төртүнчү, бешинчи кыздарым төрөлгөндөн кийин улуулары мени отургузуп алып, «апа, болду эми төрөсөңүз бакпайбыз» деп айткандары эсимде (күлүп). Бирок азыр эгиздерди бетинен сүйүп, «силер болгонуңар жакшы болбодубу» деп отурушат. Эгиздерди кудай берди деп калабыз. Себеби аларды УЗИден текшергенде эки тондуу эгиз экени айтылган.

Балдардын кызыгына далай баттым. Улуу кызым аябай тентек болчу. Экинчи кызым жаңы төрөлүп келгенде майда-чүйдө жумуштарды жасап эшикке чыгарда кызыма каратып койчумун. Адатымча сырттагы жумуштарымды жасаганга кеткем. Кыш мезгили болгондуктан мештин жанындагы челекте көмүр турчу. Кайра үйгө кирсем баягы челектеги көмүр жок. Эки көзүм жаңы төрөгөн кызыма түштү. Карасам оозу толтура көмүр. Анын көптүгүнөн бакырып ыйлай албайт. Өзүм деле жаш болгондуктан челектеги көмүрдүн баарын кантип жедирди деп корккон экенмин (күлүп). Антпесе көмүрдүн баары жок. Мештин күйүп жаткан оозун ача албайт эле. Көрсө баарын күл чыгарган жагына салып, калганын тамак деп ойлоп, оролуп турган кызымдын оозуна толтуруп салып коюптур. Ошону азыркыга чейин айтып, «кантип көмүрдүн баарын жедирип койдуң эле?» деп күлөбүз. Дагы бир күнү экинчи кызым ыйлап калса улуусу төшөгү менен кошо сүйрөп, «сен каяктан келдиң?» деп суроо берип жулкуп жүрөт. Аны дагы айтып калсак уялып калат (күлүп).

Сүймөнкул дагы, мен дагы 6 бир туугандын үчүнчүсүбүз. Туулган күндөрүбүздүн датасы дагы окшош. Негизи эле окшош тараптарыбыз көп. Биздин үй-бүлөдө 16 жана 8 деген сандар көп кездешет. Биз үйлөнгөн күн айдын 16-күнү болгон. Балдарымдын туулган күндөрүнүн айлары башка, бирок күндөрү бир. Балдарымдын баарынын аттарын мен койгом. Эгиздердин аттарын жолдошум койду. Ага чейин «ысымдарын мен койбой, сен коюп салдың» деп таарынып жүрчү. Эгиздер төрөлүп, аларга ысымдарды өзү ыйгарды. Эми арманда болбойт (күлүп). Келечекте балдарымдан дарыгер, лингвисттерди, экономист, мугалимдерди көрүп калабыз деп ишенем. Жакшы окушат. Кызым менен бир жактарга барып калсам сиңдиңизби деп сурашат. Кыздарым мага окшош», - деди ал.

Айнура айымдын уул-кыздары:

- Таштанбекова Тахмина 2000-жылы төрөлгөн;

- Таштанбекова Элзана 2002-жылы төрөлгөн;

- Таштанбекова Асылзат 2008-жылы төрөлгөн;

- Таштанбеков Аманбек 2010-жылы төрөлгөн;

- Таштанбекова Сагида 2012-жылы төрөлгөн;

- Таштанбеков Муса жана Таштанбекова Хафиза 2018-жылы төрөлүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

09.09.2019«40 кыз болсо дагы баары меники»: Тарбиячы Чолпон айымдын кыздары жана энелик бакыты. Сүрөт
24.08.2019«Өзүм дагы жалгыз баламын, эркек төрөсөң экен»: 40 жаштагы Замира айым 7 кыздын апасы. Сүрөт
11.06.2019«Ата, апамды эркек төрөтүп келиңизчи»: Трактористтин 44 жаштагы жубайы Зулфия айым 9 кыз, 2 уулдун апасы. Сүрөт
20.05.20199 бала, 1 бөлмө үй, туугандардын балдарын да багуу: А.Камбарбекова коомдук унаага түшкөндө балдарын көргөндөр таң калышат. Сүрөт
20.06.2019Эркек төрөптүр деп таарынган кыз: 8 баланын апасы А.Эркалиева жолдошу экөөлөп үй куруп жатат. Сүрөт
28.06.2019«Эми кыз төрөсөңүз албайм дагы, бакпайм дагы»: 7 кыздын апасы К.Алымбаева сегизинчи наристесин күтүп жатат. Сүрөт
13.09.2019«Ушунча балага кантип чыдайсың?»: Забида айым балдарынын туулган жылдарын унутуп калат (сүрөт)
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×