Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 01.10.2019 14:52

Айыл турмушу: У.Матаев жубайы Б.Матаева экөө 20 жылдан бери нан жасап сатып, ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылындагы жубайлар Умарбек Матаев менен Бактыгүл Матаева 20 жылдан бери нан азыктарын чыгарып, кыз-келиндерди жумуш менен камсыздап келет. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Жолдошу: Кооперативдик техникумду бүтүп, Бакай-Ата айылындагы дүкөндөрдө иштедим. Кийин кондитердик цехте башчы болуп бир топ жыл эмгектендим. 1989-жылы жубайым экөөбүз баш коштук. Алгачкылардан болуп тандыр нан жасалган наабайканы ачканбыз. Ал кезде нан алуу үчүн кезекте тургандар көп болчу. Кененчилик жашоо болуп, ишибиз жакшы башталган. Эл ысык нан деп цехибизде кезек күтпөстөн алып кетишчү. Ал убакта 8 кап ундан нандар жасалып турчу. Таңкы саат 4:00дө жумуш башталып, адал эмгек менен акы тапчубуз. Жалпысынан нандардын цехин облус боюнча Таластын бардык тарабына мен ачкам. Таластагы наабайканалардын атасымын десем болот (күлүп). Ортодон заман кыйындаган кез болуп, пайда бирде болуп, бирде болбой жатты. Бирок баарына түз көз карашта болуп, эмгектене бердик. Жаңы күн чыгып келе жатканда биздин жумуш башталат. Ошол кездерде келинчегим нан жасап берчү. Мен аны мешке бышырып жатып, кудайдан көп нерсени тиленчүмүн. Кудайга шүгүр, ошонун баары аткарылды. Азыр цехибизден булочканын, нандын түрлөрү чыгат. Өзүм дыйканчылык менен дагы алектенем.

Жубайы: Нан бышырып иштеп, ун азыктары менен элди камсыздап келе жатканыбызга 20 жылдан ашты. Жумуштун жеңили болбойт. Баарына чыдап, андан пайда таап, балдарды окуттук. Убагында жакшы эле кыйналдык. Талыкпаган эмгегибиз менен айына 20 миң сомдон өйдө каражат табабыз. Сезон убагында жакшы болуп турат. Күндөп-түндөп башыбызды сайып иштейбиз. Жашоо өзү көп нерсеге үйрөтүп, бышырат экен.

Жолдошу: Алгач цехти ачканда дүкөнчүлөр, кардарлар өздөрү нандарды алып кетишчү. Жашоо агымы бурулуп, азыр өзүм ташып эмгектенем. Бирок атаандаш көп, тартип жок. Алып барчу жерлерге эч кечикпей ташыйм.

Ундун баасы өйдө-ылдый болот. Ошого жараша нандын баасы коюлат. Бирок биз айыл шартына карап арзан беребиз. Көбүнчө тендер менен иштеп, бала бакчаларга дагы жасайбыз. Азыр сезон болуп, күнүгө 2 кап ундан нан даярдалат. Учурда 3 келин иштейт. Алар ишине жараша маяна алышат. Жумушчулар өздөрү сүйлөшүп, бир убакка келип жасап коюшат. Ар биринин үй жумуштары бар эмеспи. Нандарды жасоого дагы үлгүрүшөт. Декабрь айына чейин жумуш жакшы жүрүп турат.

Жубайлар 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×