Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 03.10.2019 10:52 На русском

Айыл турмушу: Бакай-аталык Б.Айтымбетов төө буурчак жыйноочу 150 миң сомдук жабдыктарды жасап сатууда (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын 45 жаштагы тургуну Бообек Айтымбетов төө буурчак жыйноочу жабдыктарды жасап сатууда. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, устачылык өнөр атасынан өткөн.

«Темирге байланышкан жумуштар менин киреше таап жатканыма жардам берет. Мен ушул чөйрө үчүн төрөлгөндөймүн (күлүп). Муну жөн жеринен аркалаган жокмун. Атамдын ишин улай каражат таап келем. Атам жыгачтан терезелерди, эшиктерди сапаттуу кылып жасачу. Улуу баласы болуп көптү үйрөндүм. Атам техникумду бүткөн, Талас боюнча эң алдыңкы ширетүүчү болчу. Аны аябай мыкты өздөштүргөн. Мен андан үйрөнгөм. Темирдин калыңдыгына карап ширетүүнү жана башка ар бир майда ишинен бери өзү үйрөткөн. "Буюмду ширетип жасоодо бекем жана кооз кылып жасасаң эмгегиң ошончо элге тарайт" дечү.

Төө буурчак жулуп жыйноочу жабдык жасайм. Ушул тапта айылга керектүү шайман болуп саналат. Аны 150 миң сомдон сатам. Темир-тезеги кымбат турат. Аны өзүм базардан сатып келем. Бирок мага пайдасы көп болбосо дагы элге жардам болсо дейм. Элде болсо менде дагы болот. Негизи бул шайман менен 1 гектар жердеги төө буурчакты 2000 сомго жыйнап жатышат. Айылда бардык тиричилигибиз төө буурчак менен байланышкандыктан анын тегерегинде көп ойлоном. Анткени алдыда талапка жооп берген, төө буурчакка байланыштуу жаңы шайман ойлоп чыгарууну көздөп жатам. Буйруса ал дагы болот.

20 жыл трактор айдап иштедим. Аларды дагы оңдоо иштеринде кыйынчылык болбойт. Азыр уста көп, бирок эмгектеринен кынтык көрүүгө болот. Ширетүүнү көптөр оңой ойлошот. Аны аркалап тыйын табууну көздөшөт. Бирок анын дагы илими бар. Айыл жашоосунда кетмен, күрөк сыяктуу шаймандар көп колдонулат. Алар оңдоого муктаж болуп калат. Ашондой мезгилде айыл эли кайрылышат. Аларды бекер жасап, ширетип берем», - деди уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×