Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 03.10.2019 12:27

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында «Китепкөй» акциясы уюштурулду

Turmush -  Кечээ, 2-октябрь күнү Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында «Китепкөй» акциясы уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Өзгөрүш» коомдук фондунун төрагасы Нуржигит Алманбет уулу билдирди.

«Акциянын негизги максаты — жаштардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, китепке болгон кызыгуусун арттыруу, унутта калып бара жаткан китеп окуу маданиятын калыптандыруу. Азыркы учурда жаштар, анын ичинде мектеп окуучулары предметтик китептен тышкары китептерди окубай калды. Буга бир нече себептер бар. Алардын негизгиcи — үй-бүлөлүк китеп окуу салты жокко эсе. Ата-эненин китеп окуганын көрбөгөн бала да китеп окубайт. Ошондуктан ата-энелерди бала бакчадан балдарын алууга келгенде биз менен биргеликте жарым саат китеп окуп берүүгө үндөп жатабыз. Бул бала үчүн да, ата-эне үчүн да эң чоң мүмкүнчүлүк болду. Акциябыз күн ара айылдык кеңештин алдында өтүп турат. Бул өз кезегинде демилгени башка айылдарга жайылтууга көмөкчү болмокчу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×