Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 03.10.2019 14:31

Жубайлар: Б.Сатыкулов менен Д.Сатыкулова балдары жаш кездеги ачарчылыкты азыр да унута элек (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылындагы жубайлар Барадин Сатыкулов менен Дилбар Сатыкулова ачарчылыкты жеңген күндөрүн азыр да эстеп турушат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Жолдошу: Мектепти бүтүп, 1976-жылы Казакстандын Уральск шаарында аскердик кызматымды өтөдүм. Айылга келип, колхоз тараганча эмгектендим. Азыр пенсияда болсом дагы кароолчу болуп кызмат кылам.

Байбичем экөөбүз 41 жылдан бери бирге жашап келе жатабыз. Өткөндө агамдын үйүнүн короосундагы роза гүлдөрүн карап жатсам жеңем «эмнеге гүлдөрдү карап жатасың?» дейт. Мен «байбичем экөөбүз жашап келе жатканыбызга 41 жыл 5 ай болуптур» десем, «гүлдөрдүн жакшысынан үзүп бер» деп күлүп калды. Бирок ал гүлүм акыркысы эмес. Балдарымдын апасын сыйлайм, белек берип турам. Убагында ала качып келген жокмун. Шарты менен баш коштук. Бир бөлөм Жон-Арык айылында жашачу. Ал аскерге кетип жатканда байбичем 10-класста эле. Бизди ошол бөлөм тааныштырган. Кийин байбичем окуусуна Бишкекке кетип калды. Анын мыкты кожейке болорун туюп, ал жакка дагы барып жүрдүм. Ушунча жыл бирге жашап, бир дагы жолу кол көтөргөн жокмун. Себеби байбичемдин мүнөзү жакшы, адамды таарынтпайт, берешен, мыкты кожейке. Базарга барганда чогуу жүрөбүз, себеби акчаны кармабайт. Байбичемдин чоң атасы «кызым, эсиң болсо акча кармаба» деп айткан. Ошондон улам окшойт (күлүп). Ушул күнгө чейин байбичем деп эркелетип турам.

Жубайы: 15 жыл колхоздун тамекисинде иштеп, кийин бала бакчада эмгектендим. Союз тарап, жерлер бөлүндү. Ошондон бери дыйканчылык менен алекпиз. Өзүм «Баатыр эне» наамын алып, 18 неберенин курчоосундамын (күлүп). Жолдошумдун ачык мүнөзү бар. Эч нерсени жашыра албайт (күлүп).

Азыркы жаштар бири-бирин түшүнүп, өмүр бою балдарынын кашында болуп, сыйлашып жашашса дейм. Биздин акыл-насаатыбыз айтылып турат. Ар бир пенде жети ойлонуп, бир кесип иш кылса пейилибиз кенен болуп, ырыскыбыз артмак.

Жолдошу: Жашоодо баары болот экен. Эсибизде калганы ачарчылык болду. Андан чыккан учурубузду унутпайм. Анда балдар кичинекей, ун жок, колхоз тараган. Эмне кылабыз? Бул айылда немистер көп болгондуктан алар менен аралашып жүрүп, жасаган иштерин көрүп калчумун. Мен алардан үйрөнгөн темир иштерин жасадым. Темирден бычак, шамшар жасап, самоор, кетмен, мештерди жасап сатып, каражат тапчумун. Бирде көп тапсам, бирде пайда жок болуп, сабырдуулук менен күн өткөрдүк. Тапкан акчага бир аз ун сатып келсем байбичем нан жасап, балдардын баарына жеткире бөлүп берчү эле. Ошентип ачарчылык күндөн чыгып кеттик. Азыр ал күндөрдү балдарым дагы айтып калышат. Алардын дагы эсинде калган. Азыр дагы бычак, дарбаза, майда-чүйдө буюмдарды жасайм. 1 бычак 800 сомго бааланат.

Жубайлар 7 баланын жана 18 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×