Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 04.10.2019 09:47

Бакай-Атада жүзгө жакын карыяга сый тамак уюштурулуп, белектер берилди

Turmush -  Кечээ, 3-октябрда Бакай-Ата районунда жүзгө жакын карыяга сый тамак уюштурулуп, белектер берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимдин орун басары Айжамал Шамбетова билдирди.

«Карылар күнүнө карата атайын 70 жыл бирге жашаган үй-бүлөлөргө жана согуш ардагерлерине белектер берилди. Район боюнча жүзгө жакын карыга сый тамак берилип, белектерди тапшырдык. Сый тамактын аягында концерттик программа тартууланды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×