Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 04.10.2019 17:46

Бакай-Атанын Миң-Булак айылында жемиштерди кургатуучу цех ачылды

Turmush -  Кечээ, 3-октябрда Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында жашылча, жемиштерди кургатуучу цех ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл өкмөт башчысы Бакыт Жаңыбековдун айтымында, аталган цех Талас өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып 1 млн 800 миң сом жумшалды. Цехтин жанына 40 тонналык атайын муздаткыч камералар да курулган.

Жеке ишкер Кубатбек Мукашевдин айтымында, бул жерде 4 тоннага жемиш кургатылат.

«Жашылчаларды кургатуучу аппаратты 25 күндүн ичинде пайдаланууга бердик. Айыл элине жакшы шарт түзүлдү десем болот. Мындай демилгени ишке ашырууга активисттер жана айрым жетекчилер көмөк көрсөтүштү. Аппаратка кара өрүк, дарбыз, коон, алма жана башкаларды кургатып көрдүк. Буйруса элди жумуш менен камсыз кылып иштей баштайт. Аппарат 1 тоннадан 4 тоннага чейин жемиштерди кургатат», - деди ал.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×