Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 07.10.2019 15:02

Айыл турмушу: Бакай-аталык Р.Турсунбаев төө буурчак жулуучу 9000 долларлык трактор жасап чыкты (видео)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын 33 жаштагы тургуну Рахманаалы Турсунбаев учурда үй шартында төө буурчак жулуучу 9000-9500 долларлык техниканы жасап сатыкка чыгарууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 12 жылдан бери устачылыкты өздөштүрүп келе жатат.

«Айыл чарба иштерине керектүү ар кандай техникаларды жасайм. Бул техниканын Кыргызстанда жок тетиктерин Кытайдан буйрутма берип алдырттык. Конструктор жана ширетүүчү акелер менен иштешебиз. Учурда өзүбүзгө иштеткен техникаларыбыз дагы бар. Азыркы төө буурчак жулгуч техникабыз 3 жөөктүү жана 4 жөөктүү болуп, 2 түрлүү жасалган. Төрт жөөктүүсүн 9,5 миң долларга сатыкка чыгарсак, 3 жөөктүүсүн 9 миң долларга сатабыз. Муну жаңы жасап жатканда «мындай болбойт, ишке ашпайт» дегендер көп болду. Кудайдын буйругу менен жасаган техникабыз ойдогудай болуп ишке ашты. Учурда ушул эле техниканы оңойлотуп, дагы да жеңил түрүн жасасакпы деп жатабыз. Бизде мындай техникаларды жасоодо атайын станоктор бар. Бизде жок станокторду башка жерден барып жасатып алып келебиз. Мындай техникаларды жасоого 4 ай убакыт кетет. Негизи айдоо иштерине керектүү шаймандарды өзүбүз эле жасайбыз. Мисалы сепкич, культиватор жана башка ушундай техникаларды жасоого 1 ай убакыт талап кылынат.

Бизге буйрутма Талас ичинен эле болот. Азыр ушундай техникаларды көбөйтүп, чет жактарга дагы сатыкка чыгарсакпы деген пландарыбыз бар», - деди ал.

Уста үй-бүлөдө 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×