Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 08.10.2019 11:31

Окшош түш көргөн эгиздер: Илгиз таанышкан кыздар менен Чыңгыз жолугуп коёт

Turmush -  24 жаштагы эгиздер Чыңгыз жана Илгиз Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургундары. Аларды көчөдөн кошуналары айырмалай алышпайт. Эгиздер аймактык кабарчыга кызыктуу окуяларын айтып беришти.

Чыңгыздын айтымында, аларды кошуналары айырмалай албагандыктан, апасына чекесине аттарын жазып коюуну суранган.

«Апамдын туугандарынын арасында эгиздер бар. Таежем да эгиз төрөгөн. Төрөлгөнүбүздө биркага атыбызды жазып, колубузга тагып коюшуптур. Кээде апама тамашалап "мүмкүн менин атым Илгиз болчу, шеригимдин аты Чыңгыз болуп жүрбөсүн, балким адаштырып алгансыңар" деп калам. Уктап жатканда ата-энебиз айырмалай албай калышат. Кичинекей кезибизде окшош кийинчүбүз. Азыр каалагандай кийинебиз. Көчөдө бара жатсак, сөзсүз "кимиң Чыңгыз, кимиң Илгизсиң?" деп сурашчу. Кээде Лоло, Пепелер деп калышчу. Өзүбүздөн кичүүлөр ушинтсе, аларды сабап салчубуз. Карындашым кичинекей кезинде бизди жаман Чыңгыз, анан жакшы Чыңгыз дечү. Аны кимибиз таарынтсак, ошол жаман Чыңгыз болчу.

Бир жолу үйгө конок келип, короодон чырпыкты ат кылып минип чыгыптырмын. Анан мейман үйгө кирсе, алдынан окшош кийинген шеригим чыга калыптыр. Конок "көзүмө көрүндүбү билбейм, короодон да, үйдөн да окшош балдарды көрдүм" дептир.

Илгиз экөөбүз үй эмеректерин жасаганды үйрөткөн кесиптик лицейде окуганбыз. Мен айылда жүргөндө экзамен болуп калып, Илгиз кийимдеримди кийип алып, менин ордума экзамен тапшырып келген. Күрөш боюнча мелдештерге катышканда кээде Илгиздин ордуна мен чыгып койчумун. Жеңүүчү болсом да сыйлык тапшыруу аземине чыккым келбей, Илгизди чыгарып койчумун. Илгиз ыр-бийге, шаң-шөкөткө жакын. Эгиз болуунун пайдасын көп көрдүк. Мен шаарда көп жүргөндүктөн, үйдөгүлөр кечке Илгиз дей беришип, мен үйгө келсем мени дагы Илгиз дей беришет», - дейт Чыңгыз Бекташ уулу.

Эгиздердин айтымында, Илгиздин мүнөзү ачык-айрым, Чыңгыз болсо токтоо. Бирөөсү ооруса, экинчиси дагы дароо өзүн жаман сезип калат.

«Илгиз айылда жүрүп шаардагы кыз менен таанышып калса, анын ордуна мен жолугуп коём. Алдын ала эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрүн сурап алам. Бирок эгиз кыздарга үйлөнөлү деп, эгиздерди издеп жүрөбүз. Бир жолу окшош түш көрүп таң калганбыз. Ал түшүмдө мен үйлөнүптүрмүн. Анан жубайым экөөбүз короого чыксак, Илгиз тамашалап “жеңе, башыма суу куюп бериңизчи” деп күлүп жатыптыр. Ойгонуп кетип, түшүмдү Илгизге айтып баштасам, калганын ал улантып кетти. Экөөбүз тең таң калдык. Кайсы жерде туруп "суу куюп бериңизчи" деп айтканынан бери туура. Ошондон бери окшош түш көрө элекпиз.

Бир жолу Илгиздин айынан таяк жегем. Илгиз бир балага тийишип, аны уруп коюптур. Анан тиги бала жолдон мени кармап алып, ур-токмокко алып баштаган. "Мен Чыңгызмын" десем, "айырмаңар эмне" деп аябай сабаган», - дейт Чыңгыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×