Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 08.10.2019 14:09 Жаңыланды: 08.10.2019 18:37 На русском

«Кыз кууганы бара жатканбыз»: Миллионердин аялынын ыйы (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун 1-Май айылындагы 56 жаштагы классташ жубайлар Ашым Алашбаев менен Алымкан Арстанбекова 33 жылдан бери бирге жашап келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Жубайы: Мен 1-Май айылында туулгам. Жолдошум экөөбүз бир класста окуганбыз. Кийин студент кезибизде табышып, баш кошконбуз. Мектептеги кезимде өтө шок, шайыр кыз болчумун. Турмушка чыккан күндөн баштап токтоо болуп калдым десем болот. Аны чогулуп калганда классташтарыбыз да айтып тамашалап калышат. Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетинин табият таануу бөлүмүн бүткөм. 4-курсту аяктаган соң турмуш куруп, айылга келип биология, химия сабагынан мугалим болуп айылдагы мектепте иштеп калдым. 2014-жылы 25 жыл агартуу тармагында иштеп, 50 жаш курагымда пенсияга чыктым.

Бир окуя азыркыга чейин эсимде. Азыркы күнгө чейин эстеп күлөм. Турмушка чыккандан кийин 10 жыл эч жакка чыкпаптырмын. Анан кыз кууганы шаарга бармак болуп калдык. Бишкекке Казакстан аркылуу автобус каттайт. Ал автобус аркылуу чек арадагы «Чоң-Капка» пунктунан өтүп жатканда ызы чуу салып ыйлаган элем. Мурун окуганда өтүп эле жүрчүмүн. Бирок кыз кууганы бара жатканда чек арадан өтүп жатканда уктап калыптырмын. Уктап бара жатсам бирөө ойготуп «миграциялык документтерди толтур» деди. Мен түшсөм баары өтүп кеткен экен, артта калып калыптырмын. Бир жоокер паспорттумду алып койду. Мен бер десем такыр болбойт. Мен тыбырчылап ыйлап, «паспорттумду бер. Автобус кетип калат, акчам, баштыктарым кетип калат» деп кыйкырып жатам. Башкалар бул аял эмнеге кыйкырып жатат деп чуркап келишти. «Паспортумду алып койду» деп токтобой ыйлайм. Чуркап келгендер «сабап жаткан экен деп корктук» дешти. Көрсө мен «10 жылдан ашык убакыттан бери Бишкеке бара элекмин» десем жанымдагылар эмне кылат экен деп тамашалашыптыр.

Азыр айылыбызда жолдошума жардам берип, чакан мал чарбасын түптөп, оокат кылып жатабыз.

Жолдошу: Аскерге барып келдим. Андан кийин Токмок шаарындагы айыл чарба техникумун инженер-механизатор бөлүмүн аяктагам. Окууну аяктап келгенден кийин колхоз тарап кетип, өзүмдүн адистигим менен 1 гана жыл иштедим. Жеке чарбада жүрүп, 1993-жылдан баштап 2010-жылга чейин айыл башчы болуп, элге кызмат кылдым.

Жубайым экөөбүз 1986-жылы 26-августта баш коштук. Мектеп кезинде билинбей , студент кезде өтө сулуу көрүнгөн эле. Жашообуз жакшы болду, ынтымакта жашап келебиз. Мал менен жүрсөк дагы баарын уулдарыбыз менен жасап жубайыма оор жумуш жасаткан жокмун.

Жубайлар үй-бүлөдө 3 уул, 2 кыз, 7 неберенин ата-энеси.

Turmush басылмасы буга чейин аталган жубайлар 14 жылда миллионер болгондугун жана алардын ийгилигинин сыры менен бөлүшкөн болчу. Жубайлар «Кыргызстандагы ийгиликтүү 120 фермердин» катарына кошулушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×