Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 09.10.2019 19:19

Бакай-Атада жаш сүрөтчүлөр арасында сынак өттү

Turmush -  Бүгүн, 9-октябрда Бакай-Ата районунда маркум сүрөтчү Шабданбек уулу Эсендин туулган күнүнө карата жаш сүрөтчүлөр арасында сынак өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Калыстар тобунун мүчөсү, райондун маданият бөлүмүнүн башчысы Бусурман Төлөбаевдин айтымында, бул иш-чара жыл сайын уюштурулуп келет.

«Бүгүнкү сынакка 19 мектептин 25 окуучусу катышты. Жылда катышуучулар эркин темада сүрөт тартышса, бул жолу бир көрүнүштү натюрморт тартышты. Жыйынтыгында бардык окуучулардын эмгеги татыктуу баасын алышты. Ар бир окуучу Эсен агайдын ысымы менен даярдалган грамоталар, түстүү калемдер жана альбом менен сыйланышты. Сыйлыктарды маркум сүрөтчүнүн уулдары Адылбек, Абдымомун жана Саматтын демөөрчүлүгү менен камсыздалды», - деди ал.

Иш-чаранын соңунда Эсен агайга багышталып куран окутулуп, сый тамак уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×