Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-май

Айыл турмушу: Бакай-Атадагы мээрман айым Ж.Кушубакова элдин кулак ооруларын дарылап иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын 40 жаштагы тургуну Жаркын Кушубакова ооруканада мээрман айым болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата айылынын кызы.

«Күнүгө ортодон 3 айылды аралап өтүп, жумушума каттап иштейм. 1997-жылы Таластагы медициналык окуу жайга барып, аны артыкчылык диплом менен аяктагам. Турмушка чыгып, карыган кайын энемди карап, балалуу болуп, көп жылдар үй кожейкеси болдум. 2015-жылдан бери сүйгөн кесибимди аркалап келем. Кесибим боюнча жалпы мээрман айыммын. Алгач ийне саюу бөлүмүндө иштесем, азыркы учурда ЛОР дарыгердин мээрман айымы болуп иштейм. Апамдын жолун улап мээрман айым болдум. Азыр апам пенсияда. Алгач дарыгер болууну каалагам. Бирок ошол жылдары бардык элде окууга мүмкүнчүлүк боло берген эмес.

Биздин ишибизде эсте калган учурлар көп эле кездешет. Жакын арада эле дарыгерим квалификацияны жогорулатуу боюнча окууга кеткен эле. Бир жаш ата-эне 3 жаштагы баласын көтөрүп келишти. Баласы кулагына шуруп салып алыптыр дешти. Өздөрүнүн чөлкөмүндө наркоз менен алынарын айтышкан экен. Макул болбой келе беришиптир. Себеби 1 ай мурун наркоз менен грыжасын алдырган бала экен. Карасам чыпалактын тырмагынан чоңураак шуруп салып алыптыр. Жаткырып, перекись куюп байкасам шуруп чыга тургандай экен. Фурацилинди жылытып келдим. Мында жууп-тазалоонун дагы ыкмалары бар. Жагдайга ылайыктуу ыкманы колдонуп, темирди идишке түшүрүп алдым. Апасы кейип жаткан эле. Жыйынтыкты көрүп, кубанышты. Андай учурларды көрүп мен дагы сүйүнөм.

Дагы бир жашы улуу эже текшерүүдөн өтүп коеюн деп бизге кайрылып калды. «Кулагым 2 жылдан бери ооруйт, укпайт дагы» деп калды. Текшерип көрсөм кулагынын ичинде эскирип калган пахтага окшогон нерсе турат. Илгич менен алып чыксам «кулагымдын ичи жаңырып калды» дейт.

Жумушка кирген жылы 1 айдан кийин эле 12-майда медайымдардын күнүнө карата сынакка катышып, «Мыкты медайым» деген наамга татысам, иш-чараларга активдүү катышканым үчүн бир нече грамоталарга ээ болгом. Облус боюнча дагы сынактарга катышып жүрөм. Байма-бай окуулардан өтүп, билимибизди жогорулатып турабыз. Жаңылануу болуп турбаса медицина өнүкпөйт. Дайыма жаңылануунун үстүндө иштеп турабыз. Кулак-мурун боюнча заманбап аппарат менен камсыз болгонбуз», - деди ал.

Жаркын айым 4 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×