Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-май

Бакай-Атанын жаштары жакыр жашаган 5 үй-бүлөгө уй алып беришти

Turmush -  Бакай-Ата районунун К.Акназаров айыл өкмөтүнүн жаштары жардам катарында 5 үй-бүлөгө уй сатып берип, 1980-жылкы жигиттер бир үй-бүлөгө үй куруп жатышат. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.

«Айыл өкмөттүн жаштары каражат чогултуп, ушул айда жакыр жашаган 5 үй-бүлөгө уй сатып беришсе, ден соолугунан жабыркаган 31 адамга азык-түлүктөн жардам беришти. Бул айыл өкмөткө караган ар бир айылдан чыккан уулдарыбыздын демилгеси.

Ал эми Кызыл-Октябрь айылынын 1980-жылкы жигиттери былтыр 20 жылдыгын өткөрүүнүн ордуна айылдагы аярлуу үй-бүлөгө үй курууну пландап, анын курулушун башташкан. Эми 3 бөлмөлүү тамды бүтүп, буюмдарына чейин алып берип, бүлөнү киргизишти. Кызыл Ай Коомунан 12 кишиге азык-түлүктөн жардам берилди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×