Turmush — Бакай-Ата районуна караштуу Үрмарал айылынын мурдагы аталышы Үйүр-Марал болгон.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жер маралдар байырлаган аймак болуп, алар үйүр болуп жүрүшкөндүктөн Үйүр-Марал болуп аталган. Кийин башка улуттун өкүлдөрү отурукташып, алардын тили менен өзгөрүлүп отуруп, азыркы Үрмарал аталышы калыптанып калган.
Үрмаралдан аккан суу 3 айылды камсыз кылат. Элеттиктер мал чарба жана дыйканчылык менен алектенет.