Turmush — Кара-Суу райондук соту 11 жаштагы баланы зордуктаган жигитти жалпы 20 жылга кести. Өкүм 2023-жылдын 1-февралында кабыл алынды.
Кылмыш иштин фигуранты Шаршенбек (аты өзгөртүлдү) 2000-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган, билими орто, бойдок, эч жерде иштебейт. Кара-Суу райондук сотунун 2022-жылдын 22-февралындагы өкүмүнүн негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (ыпылас аракеттер) менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылып, 83-беренесинин негизинде 3 жылга пробациялык мөөнөт белгиленген.
Шаршенбек бул жолу КР Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 4-бөлүмү (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен айыпталган.
Маалым болгондой, 2022-жылдын 18-октябрында Кара-Суу РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн улук нөөмөтчүсү Кара-Суу РИИБдин жетекчисине ушул эле күнү саат 15:41 чамасында айыл тургуну телефон аркылуу кайрылып, 2011-жылы туулган уулуна айылдын тургуну ээн үйдө ыпылас аракеттерди жасаганын кабарлаганын билдирген.
2022-жылдын 21-октябрында саат 08:30 чамасында Кара-Суу РИИБдин башчысына аталган аял арыз менен кайрылып, анда 2022-жылдын 18-октябрында саат 13:30 чамасында курулушу аягына чейин бүтпөгөн үйдүн ичинде уулун ошол эле айылдын тургуну Шаршенбек күч колдонуп зордуктагандыгын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 4-бөлүмү (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө органдарынын маалыматында Шаршенбек курулушу толук бүтө элек эки кабаттуу турак үйдүн биринчи кабатына 11 жаштагы баланы сүйрөп киргизип, буту-колун жип менен байлап, оозун скотчтоп, аналдык жол менен (көтөн чучук аркылуу жыныстык катнашка баруу) кошулганы айтылат.
Жыйынтыгында сот анын мурунку жазасын кошуп, 20 жылга кескен.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...