Turmush — Бакай-Ата районунун жаңы дайындалган акими Зарылбек Тыныбек уулу кызматына киришти. Бул тууралуу Талас облусунун жетекчилигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, аны президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев тааныштырды. Ал бул кызматка 6-мартта дайындалды.
Зарылбек Тыныбек уулу 1990-жылы Базар-Коргон районунда туулган. Билим жогорку.
Иш тажырыйбасы:
- 2018-жылдын 20-мартынан 2020-жылдын 26-ноябрына чейин «Кыргызжылуулуккоммунэнерго» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалында жетекчинин орун басары болуп эмгектенген.
- 2019-жылдын 5-мартынан 2021-жылдын 30-апрелине чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты.
- 2021-жылдын 16-апрелинен 2025-жылдын 26-декабрына чейин Жалал-Абад сууканал башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.
- 2025-жылдын 26-декабрынан 2026-жылдын 3-мартына чейин «Манас сууканал» башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган.