Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы базар курулат. Бул тууралуу Turmush басылмасына район акими Каныбек Апбасов билдирди.
Анын айтымында, жаңы базар куруу үчүн Төрт-Көл айыл аймагынан трансформация болгон 14 гектар жер бөлүндү.
«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу курулат. Биз буга чейин сынак жарыялаганбыз. Кечээ, 12-мартта айыл өкмөт менен потенциалы бар ишкерлердин ортосунда эки тараптуу келишим түзүлдү. Мамлекеттик өнөктөштүк борбору тарабынан көзөмөлдөнөт. Базарды ишкерлер толугу менен өздөрүнүн каражатына салат. Түшкөн киреше келишимдин негизинде жеке ишкер менен айыл өкмөткө бөлүнүп турат. Ишкерлер базарга кетирген чыгымын актагандан кийин базар толугу менен айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилет», - деди ал.
Аким белгилегендей, Өзгөн шаарындагы 4 гектарды ээлеп турган базар жаңы базарга толугу менен көчүрүлөт.
«Учурдагы базарга 21 адам ээлик кылат. Бул базарда каттоосу менен соода кылгандар 1000 адамды түзөт. Калганы чар-жайыт соода кылгандар. Алар менен дагы сүйлөшүлгөн. Учурдагы базар эч кандай талаптарга жооп бербейт.
Жаңы базар бир жыл ичинде толугу менен курулуп бүтөт. Ал эми эски базардын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулат. Жаңы базар 4000-5000 орунга ылайыкташып бардык шарты менен курулат. Жеңил типте, капиталдык курулуш дагы курулат», - деди Каныбек Апбасов.
Ал эми Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Жолдошовдун айтымында, ишкерлер менен 36 жылга келишим түзүлдү.
«Жаңы базардын долбоору толугу менен иштелип бүтө элек. Канча орундуу болуп салынса дагы анын 35%ы айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилет. Ал эми 65%ы жеке ишкерлер келишимдин мөөнөтү бүткөнчө иштетип, андан соң айыл өкмөттүн балансына кайтарып беришет. Базардан түшкөн салык айыл өкмөттүн балансына түшүп турат. Күн жылыса эле жаңы базардын курулушу башталат», - деди Жолдошов.
Өзгөн райондук администрациясынын маалыматына караганда, Өзгөн шаарындагы базардан шаардык бюджетке болгону 0,09% гана каражат түшөт. Мисалы, 2025-жылы Өзгөн шаарынын бюджети 169 млн сомду түзсө, анын ичинен базардан түшкөн киреше 1,5 млн сом гана болгон. Тагыраагы түшкөн киреше 1%ды да түзбөйт.
«Ал эми шаардын жалпы бюджетинин 80%ы киреше салыгынан калыптанат. Бул каражаттар негизинен мамлекеттик кызматкерлердин — мугалимдердин, дарыгерлердин жана башка кызматкерлердин айлык акысынан кармалган салыктардан түшөт. Башкача айтканда, шаардын негизги каржылык таянычы — бул базар же соода эмес, элге кызмат кылган адистердин эмгеги жана алардын айлык акысынан төлөнгөн салыктар болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.