Turmush — Кара-Көл шаарында 2 адам каза болгон унаа кырсык боюнча видео тарткан адам коомчулуктан кечирим сурады.
Маалым болгондой, ал жол сакчылары кырсыкка кабылган унааны кууганын өзү көрбөгөнүн, элден укканын айтып, видеонун досторунун группасына жөнөтуп койгонун, анын тарап кетерин күтпөгөнүн айткан.
«Мен укканымды эле тартып койгом. Көрсө жол көзөмөлдөөчүлөр артынан куубаган экен. Унаа ээси унаа айдап, бензин ташыган унаа менен кагышып, кырсыкка кабылган. Коомчулукка туура эмес маалымат берип коюптурмун, кечирим сурайм», - деди ал.
Жергиликтүү тургундун айтымында, жол сакчылары мектепке окуучуларды жолдон өткөрүп коюп, бөлүнгөн аймагына бара жатышкан.
Буга чейин 13-мартта Кара-Көл шаарындагы унаа кырсыктан 2 адам каза болгону кабарланган. Анда Бишкек-Ош унаа жолунун 386-чакырымында «ДАФ» үлгүсүндөгү бензовоз менен «Хендай Соната» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышканы айтылган. Кырсык болгон жерде «Хендай» унаасында бара жаткан кыз каза болгон. Ал эми айдоочу жигит оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Бирок алган жаракаттарынан улам ал дагы көз жумган.
Текшерүү учурунда бензовозду Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1977-жылы туулган К.М. башкарып бара жатканы аныкталган. «Хендай» унаасын Бишкек шаарынын 1996-жылы туулган тургуну С.К. айдап бара жаткан. Каза болгон кыз Кара-Көл шаарынын 2008-жылы туулган тургуну Б.А. болгон.
Учурда бул факты боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.