Turmush — Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында биринчи жолу 72 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө TAVI операциясы — хирургиялык чоң кесүүсүз транскатетердик аорталык клапанды имплантациялоо ыкмасы ийгиликтүү жасалды.
Маалым болгондой, операцияга борбордун хирургдары менен катар Россиядан келген адистер жана жергиликтүү жеке клиникалардын дарыгерлери да катышты.
Рентгенхирург Олег Крестьянинов клиниканын адистеринин кесипкөйлүгүн жогору баалады.
«Клиниканын жамааты жогорку деңгээлдеги адистерден турат. Алар медициналык жабдууларды мыкты өздөштүрүшкөн жана операциянын көп бөлүгүн өз алдынча аткара алышты», - деди ал.
Буга чейин да ОшМУнун медициналык клиникасында боор жана бөйрөк алмаштыруу сыяктуу татаал операциялар ийгиликтүү жасалып келген.
Учурда клиника жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо жогорку технологиялык медициналык кызматтарды көрсөтүп, бейтаптардын саны акыркы мезгилде өсүүдө.