Turmush — Бүгүн, 17-мартта Кара-Балта шаарында «Тойота» үлгүсүндөгү минивэн менен оор жүк ташуучу «ЗИЛ» үлгүсүндөгү унаа кагышып, айдоочуларынын бири жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жол кырсык саат 19:00 чамасында Кара-Балта—Чалдовар унаа жолунда болгон.
Панфилов районунун 34 жаштагы тургуну, минивэндин айдоочусу жаракатынан улам тез жардам унаасы аркылуу травматология бөлүмүнө жеткирилген.
Медиктердин маалыматы боюнча, анын абалы туруктуу деп бааланууда.
Кырсык минивэндин айдоочусу бурулуп жатканда болгон.