Turmush — Сокулук районунун Кожомкул айылындагы талаага мыйзамсыз таштанды таштаган адам аныкталып, таштандыны кайра өзүнө кайра тазалатышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.
«Бул таштанды талаа көп жылдан бери жергиликтүү тургундардын көйгөйү болчу. Ал айылга өтө жакын болуп, бат-бат өрттөнүп, абаны булгап келген. 1 ай мурун аталган таштанды талаа толугу менен жабылып, Бишкек шаарындагы таштанды талаага алып бара баштадык. Бул жердеги таштанды талаа тазаланып жатат. Ошого карабай, айрым тургундар ушул жерге «Портер» үлгүсүндөгү унаа менен келип, таштанды төгүп кетип жатышат. Анын бирин жеринен кармап, чогулуп барган эл кайра таштандыларын өзүнө жыйнатып, тазалаттык», - деп айтылат маалыматта.