Turmush — Кызыл-Кыя шаарынын көпчүлүк көчөлөрүнө күн энергиясы менен иштеген жарыктандыруу панелдери орнотулду. Бул тууралуу «Кызыл-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасы кабарлады.
Маалыматка караганда, бул долбоордун алкагында жалпы суммасы 6 млн 699 миң сомду түзгөн иштер аткарылды. Орнотуу иштери шаардын Асаналиев, Ленин, Абдуллаев көчөлөрүндө, БАМ аймагында, ошондой эле 14 жана 15-микрорайондордо, Восток-2.1 борбордук көчөсүндө жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, муниципалдык ишкана тарабынан кошумча түрдө күн энергиясы менен иштеген көчө жарыктандыруу жабдууларын сатып алуу иштери жүргүзүлүп, жалпы суммасы 8 млн 500 миң сомго 170 даана толук комплект жарыктандыруу мамылары алынган.
Ар бир комплект күн панели, LED чырак, аккумулятордук батарея, башкаруу контроллери, металл мамы жана фундаменттик негиз менен камсыздалган. Бул жабдуулар күндүз энергия топтоп, түнкүсүн автоматтык түрдө иштеп, туруктуу жарык берет.