Turmush — Жаңылкан Көкүмбаева Кара-Көл шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка шаар мэри Нуртилек Орозбаев кол койду.
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Айша Анарбаева өз арызынын негизинде бошотулду.