Turmush — Чүй облусунун аймагында «Кошумча жабдуу» аталышындагы рейддик иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, рейддик иш-чаранын максаты — жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо.
«Бүгүнкү күндө айдоочулар унаалардын фараларынын лампаларын алмаштыруу менен жол кыймылынын катышууларына кооптуулук жаратып жатат. Жол эрежесин одоно бузган айдоочуларга карата Укук бузуулар кодексинин 194-беренесинин 2-бөлүгүнө (ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу) ылайык 5500 сомдон айып пул салынып, унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулууда», - деп айтылат маалыматта.