Turmush — Бүгүн, 19-апрелде Сокулук районунда «Айдоо фест» республикалык агрофестивалында асыл тукум койлордун көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Белгилүү болгондой, аталган саамалык кечээ, 18- апрелде башталды.
«Кой кыркуу боюнча мелдештин жыйынтыгы чыгарылып, учурда асыл тукум козу, кой, кочкорлор сынактан өтүп жатат. Алардын жашы, бою, салмагы боюнча баалоо жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге механизаторлор трактор менен жер айдоо менен жарыштан өтүүсү күтүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.
Асыл тукум койлордун көргөзмөсүндө 32 жаштагы фермер Мелис Карымшаковдун кочкору баш байгени багындырды. Салмагы 214 килограмм болгон арашан кочкордун ээси Мелис Карымшаков кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
«Бишкектин Мыкан айылынын тургунумун. Көп жылдан бери фермерлик менен алектенем. Фестивалга уулдарым жана келинчегим да келди. 3 уулдун атасымын. Бул арашан кочкор 4 жашта. 5 жылдан бери багып келем. Анын салмагы 214 килограмм, бою 1 метр 3 сантиметр. Сынакта салмагы боюнча баш байгени багындырып, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйландым», - деди фермер.