Turmush — Өзгөн районунда сот отурумуна келген жарандардын ортосунда чыккан мушташтан улам жаракат алгандардын абалы тууралуу айтылды.
Райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директорунун орун басары Өмүрбек Өмүрзаковдун айтымында, 2026-жылдын 22-апрелинде саат 12:35 чамасында тез жардам кызматы аркылуу ооруканага эки жаран жеткирилген.
«Бейтаптар оор абалда түшүштү. Денелеринин бир нече жерине бычак сайылып, көп кан жоготушкан. Биз ыкчам аракет көрүп, дароо операцияга киргиздик. Учурда алар жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатышат. Абалдары туруктуу оор деп бааланууда. Азыр өздөрүнө келип, суроолорго жооп берип жатышат», — деди Өмүрзаков.
Ошондой эле ал жаракаттар боюнча кеңири маалымат берди.
1983-жылы туулган С.Б. аттуу бейтапка беш жеринен бычак сайылган. Тактап айтканда, моюнуна эки жолу, көкүрөгүнө эки жолу жана курсак тарабына бир жолу жаракат алган. Ал эми 1989-жылы туулган Ж.К. аттуу бейтаптын курсак тарабына бычак сайылып, ашказанын тешип өткөн. Эки бейтап тең көп өлчөмдө кан жоготкон.
- Өзгөн районундагы мушташ боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып жатканын Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 22-апрель күнү Өзгөн РИИБге 1983-жылы туулган С.Б. жана 1989-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандар денелеринен учтуу нерседен жараат алып, ооруканага кайрылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, төмөндөгүлөрдү аныктаган. 2026-жылдын 22-апрель күнү Өзгөн райондук сотунун имаратынын короосунда соттук отурумга катышууга келген тарапташтардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Анын кесепетинен 1983-жылы туулган С.Б. жана 1989-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандар денесинен учтуу нерседен жараат алып, ооруканага кайрылган.
Учурда бул окуяга катышкан жарандар жана бул фактыга тиешеси бар делген 1989-жылы туулган А.С. тергөө кызматына жеткирилди. Жабырлануучуларга тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram